Мадумаров: Бийлик аябай сабатсыз, алсыз. Алар эмне болуп жатканын түшүнбөйт. Аман эле болушсун

    Мезгил

“Бүтүн Кыргызстан”  партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча журналисттерге маалымат жыйын берүүдө.  

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттары абал жакшы эмес деп айтып чыгышты.  Анын эртеси ИИМ аны суракка алды. Кийин  ИИМ кайрадан ал улут аралык кастыкты козуунун негизинде суракка алынды деген маалымат таратты.   Ушундай абалды айтып чыккандарды суракка алса кийин ушул сыктуу ачык  айтып чыккандарды суракка алат деп ойлойсузбу? деген суроого Мадумаров бул бийликтин алсыздыгы дейт.

-Бул абдан актуалдуу маселе. Бизде ким чындыкты айтып чыкса биздин милиция заматта баса калмай. Бул өнөкөт. Анын эки себеби бар. Биринчиден  бийлик аябай сабатсыз, алсыз. Алар эмне болуп жатканын түшүнбөйт. Экинчиден алар ушундай саясатка өтүп алды, ким сүйлөп чыккан болсо баса калып коркутуп коебуз дагы экинчи ушундайлар сүйлөбөй калат деген. Бул арам оокат, өтө туура эмес нерсе. Мен кечээ өзүмдүн кыскача билдирүүмдө ошол жергиликтүү кеңештин депутаттарына терең ыраазычылык билдирдим. Биринчи жолу жергиликтүү депутаттар баш көтөрүп ошол жердеги окуяны акимине, губернаторуна, же болбосо Жогорку Кеңешке карабастан түздөн түз мсаалымат берген   3 айылдык кеңештин депутатына терең ыраазычылык.

 Баракелде ошолорго көптүн катарында башын катып жатпастан, ошол жердеги күч алып келе жаткан чыңалуунун алдын ала коңгуроо кагып, ушуга чара көрүүңүздөрдү суранабыз деп кайрылды-дейт ал.

Ошондой эле кыргыз элине кайрылып эгер ушундай ачык айтып чыккандарды коргоп сыйлап албасак, элим жерим дегендер азайа берет дейт. 

-Мен Кыргызстандын элине кайрылам, ушул сыяктуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын өкүлдөрүн коргоп, сыйлап, көтөрүп алганды үйрөнмөйүнчө бизде экинчи эл жерим деп көкүрөк кагып чыккан кишилер азайгандан азайа берет.  Бул абдан сабатсыздык. Мындайча айтканда чыккынчылыктын ар кандай түрлөрү болот. Өз мамлекетинин эл жерин сактоо үчүн чындыкты айтып  чыккандын суракка чакырылып алышы бул кыргыз милициясы, бийлик тарабынан чыккынчылык катары бааланат. Башка  баасы жок. Аман болушсун. Аларга баары бир алар кайдыгер. Себеби бизде сөз бар “бала ыйлабаса эмчек жок” дегендей алар ошондой болуп зыркырап какшап Бишкекке чейин келип айтпаса, ал маселени ким көтөрөт.  Жогорку Кеңеш, министр, губернатор көтөрбөйт албетте алар тескерисинче жабат- деди Мадумаров.   

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *