Мадумаров: Депутаттардын санын, сарптаган акчаларын кыскартып билим берүүгө жумушоо зарыл

Мезгил

Чындыкты айткандан эч убакта тайбай, ошол эле убакта адептүүлуктү сакташ керек. Бул тууралуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров бүгүн 8-июлда бүтүрүүчүлөр менен болгон жолугушууда билдирди.

“Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын төрагасы айтымында кыйынчылык көп тараптуу болот. Ар бир кадамыбыз кыйынчылык. Кыйынчылыкты жеңе турган бул – сабырдуулук. Чымчык катуу даракты чокуй берип оюп алат. Ошол сыякту бир нерсени чокуп көрүп калып калбаш керек, бир багытты алган соң ошол багыт менен кетүү зарыл. Анан албетте эмгек менен бардык нерсени жеңе алабыз.

– Кайдыгер эмес кишинин баары саясатка аралашат. Мектептеги кезимде баарын өзгөртүунү каалоочумун. Биз мектепте тамекиде иштечубуз. Ошол иштеп тапкан акчага Москвадан, Бишкектен, Казакстандан журналдарга жазылып, акчамды журналга жумшачумун. Менин жеткен бийиктик бугунку ошол журналдарга таандык. Чындыкты айткандан эч убакта тайбай, ошол эле убакта адептүүлуктү сакташ керек-деди Адахан Мадумаров

Саясый ишмер эл өкүлдөрүнүн санын кыскартып билим берүүгө жумшоо зарыл экенин жана президенттин шайлоо алдында элге берген убадасын унутта калтырбай “эстетип” өттү.

-Кесип тандоого кеңеш берген адам “мугалимдердин айлыгын көтөрөбүз, мугалимдердин айлыгы 22 миң сом болот” деген эле. Баланы тарбиялаганга акча бөлбөгөн мамлекет келечегине кам көрбөгөн мамлекет. Депутаттардын санын, сарптаган акчаларын кыскартып билим берүүгө жумушообуз зарыл. Баланы жакшы көрөсүңбү мугалимдик кесипти танда, чыдайсыңбы экономист бол. Адам өзүн эч убакта кыйнабашы керек-деди Адахан Мадумаров

Эске салсак, быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 43 440 мектеп окуучусу катышып, эң жогорку балл 238 болгон. Аны Жалал-Абаддагы Курманбек баатыр атындагы кыргыз-түрк лицейинин бүтүрүүчүсү Элдияр Чормонов алган.

Билим берүү жана илим министрлигинин берген маалыматы боюнча, тесттен өттү деген баллды 27 019 мектеп окуучусу, тагыраагы, бүтүрүүчүлөрдүн 62,2 пайызы алган.

Ошондой эле бүгүн жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган 52 бүтүрүүчүнүн 51ине президент Сооронбай Жээнбеков алтын сертификат тапшырды.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *