Майда бирок, маанилүү кеңештер

 

Мезгил

Эгерде тамагыңыз кычышса, кулагыңызды ушалап, тырмасаңыз, кулактын нерви стимулдашып, тамактын булчуңдары иштеп, кычышууну басаңдатат.

Эгерде жакшы укпай жатсаңыз, сиз менен баарлашып аткан адамга оң кулагыңызды тосуп отуруңуз. Оң кулак сүйлөө ритмдерин жакшы угат. А эгер музыканын ыргагын жакшы укпай аткан болсоңуз, анда сол кулагыңыз менен музыка чыгып жаткан тарапка бурулуңуз. Анткени, сол кулак музыканын тонун жакшы ажыратат.

Ийнеден корксоңуз, колуңузга же башка жериңизге ийне сайып келатканда жөтөлүп коюңуз. Жөтөл көкүрөк клеткаларындагы кан басымды жогорулатат дагы, ооруган рецепторлорду басаңдатат.

Мурдуңуз бүтсө тилиңизди өйдө көтөрүп, эки кашыңыздын ортосун катуу басыңыз. Мындай ыкма мурунду ачат.

Эгер түн ичинде зарына болсоңуз, сол капталыңыз менен жатыңыз. Изилдөөлөрдө айтылгандай, сол жак ыптасы менен жатканда адам ашказанга кычкылдыктарды көп жибербейт. Оң капталыңыз менен жатсаңыз, ашказанга кычкылдыктарды көп жиберет дагы, зарына катуу болот.

Тишиңиз ооруп кыйнап аткан болсо, жаагыңыздын сыртына тиш ооруп жаткан жерге муз бассаңыз, ооруну басаңдатат. Ошол жакты сөөмөйүңүз менен катуу кысканыңызда, нерв сигналдарын бүтөйт дагы, оору кичине болсо да жоголот.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *