Майда бирок, маанилүү кеңештер

Мезгил

Камыр ысык сууга жуурулса, катуу болуп калат.

Сүттү тырмакка тамызса, эгер ал жаңы болсо, тырмакка шарча болуп токтоп калат. Эгер эски болсо, токтобой агып кетет.

Жыгачтан жасалган буюмдарга акиташ салып койсо, кумурска кирбейт.

Бычакты туздуу сууга жарым саат салып коюп курчутса, жакшы курчуйт.

Тамактын майы көбүрөөк болуп калса казанга муз салып коюңуз. 

Майлар муздун жанына топтолуп калганда аны чыгарып таштаңыз.

Картошка жумшак болуп соолуп калуусун алдын алуу үчүн арасына алма кошуп коюңуз.

Кадимки эле чайдын чамасын кадимки гүл өстүргөн идишке салып койсо, андагы топурактын нымдуулугу көпкө сакталат. Ошондой эле, ал семирткич катары да жакшы натыйжа берет.

Салат сыяктуу жалбырактуу жашылчаларды көбүрөөк витамини сакталышы үчүн, бычак менен туурагандын ордуна колуңуз менен бөлүңүз.

Булак:Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *