Макмалда алтын запасы түгөндү, өндүрүш токтоду

Мезгил. 

Жалал-Абад облусундагы Макмал алтын өндүрүү кениндеги алтын запасы түгөндү. Мындай маалыматты “Кыргызалтын” ААКсынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, 1-сентябрдан тартып алтын чыгаруу фабрика өз ишин токтотту. Кендин минералдык-чийки зат базасы толугу менен жок болгондуктан мындан аркы иш экономикалык жактан пайдасыз жана чыгашалуу болот.

“Макмалалтын” кен казуу ишканасы 2013-жылы эле чыгашалуу деп эсептелип, жабылышы керек эле. Бирок, Тогуз-Торо району үчүн анын социалдык маанилүүлүгүнө карап,башка филиалдардын эсебинен иштеп келген. 2018-жылдын 1-сентябрынан тартып өндүрүш токтотулуп, 924 жумушчу орундун 593ү кыскартылды. Кыскартууга туш болгон жумушчуларга толугу менен компенсация төлөнүп берилди.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов аталган кен казуу өндүрүшү токтотулганын бүгүн депутаттарга маалымдаган.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *