Максат Кыштобаев, ырчы : “Сүйүүнү кайдан сезмекмин, сүйбөсөм эгер мен сени”

Мезгил

  “Сүйүүнү кайдан сезмекмин мен, сүйбөсөм эгер мен сени” мына дал ушул чыгарма менен көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө буруп, күйөрмандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан ырчы Максат Кыштобаев бүгүн бизге азын оолак маек куруп берди. Эгерде сиз дагы бул ырчыга кызыгуу арткан болсоңуз, анда төмөнкү маекке назар салыңыз.  

Саламатсызбы жай мезгили сизге кандай көз ирмемдерди тартуулап жатат?

–Саламатсыздарбы! Жай мезгили мен үчүн эң жакшы өтүп жатат, жайдын алгачкы айы болгон июнь айында   Ысык-Көлдө Ашыраалы Айталиевтин элесине арналган 3-эл аралык фестиваль конкурс болду ошол конкурстан 1-орунду алдым. Бул мага абдан жакшы элестерди калтырды бул жай ушунусу менен менин өзгөчө эсимде калды десем болот. Ал эми эшиктеги аптаптуу ысык боюнча айта турган болсом, адам баласы баарына көнөт турбайбы. Быйылкы кышта да катуу суук болбодубу ошол суука чыдаган эми ысыкка деле чыдайт экенсиң дегендей. Баары жакшы күндөрүбүз өз нугу менен эле өтүп жатат. Аба ырайы андай деле таасир берген жок.  

–Жай айы эс алууга ыңгайлуу мезгилдердин бири эмеспи кайсы жерге барып эс алууну пландап жатасыз?

–Жай мезгилинде ар бир адам  самаган  кыргыз бермети болгон Ысык-Көлүбүзгө  барууну пландап жатам.

–Алгач өзүнүз тууралуу  кененирээк айта кетсеңиз, сурайын дегеним “Жүрөк сыры” ырыңыздан кийин сизди таанып билгиси келгендердин саны арбын экенин билебиз.

– Ысык-Көлдүн кулунумун. Мектепти аяктаган соң, Токтогул Сатылганов атындагы эки жылдык студияны жана   Калый Молдобасанов атындагы  Кыргыз Улуттук Консерваториясынын  элдик ырдоо бөлүмүн аяктагам. Учурда жеке ырчы жана ошондой эле  Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин салттуу музыка жана  фольклор кафедрасында  эмгектенип жатам.

–“Жүрөк сыры”, “Арзуу” деген ырларыңыз сизге ийгилик алып келди көрүнөт ушул ырыңыз туурасында айта кетсеңиз.

–Оба “Жүрөк сыры ” “Арзуу ыры ” аттуу ырларым менен эң жакшы ийгиликтерге жетиштим. Ушул ырларымдын аркасында элдин жүрөгүнөн түнөк таап, күйөрмандарымды таптым.  Мен буга абдан  кубанычтамын.  Бул ырларымдын сөзү, обону  Кытайлык кыргыз Ишенбек аттуу  досума таандык. Учурдан пайдаланып авторго да ыраазычылыгымды билдирип кетейин.

 –Эмнегедир башка ырчыларга салыштырмалуу  атыңызды элге  таанытууда бир аз жалкоолук кылып жаткан жоксузбу?

 –Балким туура айтып жатасыз.  Канткен менен бир аз жалкоолук кылып да жатабыз. Мен башка ырчылардай болуп атактуулуктун артынан чуркабайм. Эгер сен чындап элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан, коомчулуктун каалоосундагы ырларды жарата алсаң анда эл сени өзү эле колдоп коштоп алат. Андыктан репертурыма  ыр тандоодо абдан кылдаттык менен мамиле кылам.      

 Дегеле жан дүйнөңүз кандай ырларга жакын?

–Мен негизинен лирикалу ырларга жакынмын.  Ырларымдын сөзү обонуна өзгөчө маани берип жана жүрөктөн аткарганга аракет кылам.  

 Сен жашоону өзгөртө албасаң, жашоо сени өзгөртөт деген сөз бар эмеспи, убакыттын өтүшү менен жашоо сизди өзгөрттүбү?

 –Турмуш адамды бышырат  экен.  Бул жашоодо баары эле сен ойлогондой боло бербейт. Кээде тагдыр өзүнүкүн бербейт дегендей. Анткен менен тагдыр экен деп кол куушуруп отура берген жандардан эмесмин.  Кандай гана жагдай болбосун, ар дайым алдыга кадам шилтегенге аракет кылам. Жашоодо канчалык кагылып, согулсан ошончолук бышат эмессиңби. Андыктан кыйынчыллык менен беттешкенден коркпойм.   Эң башкысы  жашоомдо жакшы- жакшы иштерди кылып жашоомду  жакшы  жака  өзгөртүүгө  аракет кылып келем.

   –Маанайыңыз чөгүп турганда кантип көтөрөсүз?

 –Көбүнчө маанайымды  чөгөрбөгөнгө аракет кылам. Чыгармачыл адам болгондон кийин баардык нерсени жүрөгүбүзгө жакын алышыбыз мүмкүн. Бирок болбогон нерсеге баш отубуз менен кайгырып кирип кеткен да болбойт деп ойлойм. Сен жашоого жылмаюу менен карасаң, ал да сага жылмаят дегендей, эң башкысы маанайымды чөгөрбөгөнгө аракет кылам.  Кээде  жумуштан чарчап  үйгө келгенде жаркылдаган жубайым менен бир жарым жашка толуп соонун кылыктары чыгып калган балам менен ойноп күлүп  баардыгын унутуп калам.

Кайсы сапатыңыздан арыла албай келесиз?

 Тартынчаактык сапатым бар. Табиятыңан кандай болсоң, ошондой бойдон калат окшойсуң, айтор ушул сапатыман арыла албай койдум.  

–Акыркы жолу кандай жаңылык угуп кубандыңыз жана акыркы жаңылыктарыңыз?

–Эми ар бир айдын ар бир күндүн өзгөчөлүгү болот эмеспи.  Акыркы жолу   конкурстан биринчи орунду алганда сүйүндүм.   Жаңылыктарым болсо,   жакында буюрса бир ыр жаздырып бүтүп калдым.  Ошол ырым бүтсө радиолордон берип жана  жайда клип тартайын деп пландап  жатам.

Маегиңизге ырахмат!

Булак: Мезгил Ньюс

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *