Сабиров: Парламентке көп партия келип алса, эч бир маселе чечилбей, соодалашып эле отуруп калышат

    Мезгил

Жогорку Кеңештин “РАЖ” фракциясынын депутаты, Максат Сабиров ЖМКга берген маегинде төмөнкүдөй пикирин билдирген:

“Партиялардын атаандаштыгы болсун десек, босогону 5 пайызга түшүрүш керек. Макул, 7 пайыз болсун дейли. А эгерде башка өлкөлөрдөгүдөй мурдатан келаткан эки-үч түптүү партия өтсүн десек, анда босого 9 пайыз болгону туура.

Бир четинен карасак, көп партия келип алып, парламентте кырылышып отурса да жаман. Эч бир маселе чечилбей, соодалашып эле отуруп калышат. Бирок баары бир атаандаштык болушу керек. Атаандаштык болмоюнча эч качан өнүгүү болбойт, бизнесиң деле, мамлекетиң деле. Андыктан, бул эки жактуу маселе. Ошонун туурасын чечип алышыбыз керек,» – деген эл өкүлү.

Максат Сабировдун партиялашы Мирлан Жээнчороев шайлоо босогосу боюнча мурда берген добушунан танып, босогону ылдыйлатуу керек деп олтурса, бул кишинин 9 пайызды колдогону ага каршы чыккандык эмеспи? Же “РАЖдын” “Республикачылар” канаты да ичтен ыдырай баштаганбы?

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *