Малахов маселеси ЖКда да айтылды

   Мезгил

Андрей Малахов деген орус алып баруучусу “Түз эфир” программасында орустун бир олигархынын баласы кыргызстандык таксисттин автомашинасына мотоцикл менен урунуп каза болуп калгандыгы тууралуу берүү уюштурган. Анда алып баруучу чектен чыгып кетип, Кыргызстандын намысына тийген бир топ жаман, акарат сөздөрдү ылгабай туруп оозунан учура берген. Буга наразы болгон жердештерибиз социалдык тармактарда анын дарегине миңдеген наразылык билдирүүлөрдү жолдоп, Малаховдун кыргыздардан кечирим суроосун талап кылып жатышат.

Ал тургай бул маселе биздин Жогорку Кеңештин депутаттарына чейин жетип, трибунадан көтөрүп чыгышты. Башкалар буга кош көңүл карап олтурган кезде депутат Кожобек Рысбаев өзүнүн накта патриот экендигин көрсөтө алды. Ал Малаховдун бакан ооздугуна мамлекеттик органдар да көңүл буруп, чара колдонуш керектигин айтты.

Малаховго карата кандай чараларды колдонсок болот?

1) ТИМ нота жиберсе болот.

2) Маданият маалымат жана туризм министрлиги наразылык катын жиберсе болот.

3) Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилиги наразычылык билдирсе болот.

4) Коомдук уюмдар, эл аралык уюмдар ж.б. ж.б. кайрылуу жибересе болот.

5) Малаховду Кыргызстанга кийирбей коюу боюнча тыюу сала алабыз.

6) Керек болсо Жогороку бийлик органдарынын, президент баш болуп наразчылыгын жалпы элдин атынан Россия президентинин дарегине жолдосо болот. Анткени Кыргызстан Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинде эне тили менен кошо орус тилин официалдуу тил катары кабыл алган жалгыз өлкө болуп саналат. Эки өлкөнүн ортосунда бир нече биргелешкен долбоорлор ишке ашып жатат.

7) Бир гана Малахов күнөөлүү эмес. Буга чейин Кыргызстандын дарегине Елена Сител баш болгон бир топ теле журналисттер, эксперттер, саясатчылар баш болуп тийиштик кылып, намыска тийген сын айтып келишкен. Менимче кыргыздарга тийишип туруу боюнча орус элитасынын бизге белгисиз бир саясий технологиясы бар болсо керек. Ошондуктан буга чейин Кыргызстанды жана кыргыз элин одоно сындаган россиялык элита оптом кечирим сурасын деген кайрылуу жолдоо керек Россияга.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *