Малаховдун сөзү боюнча Орусиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси ТИМге чакырылды

    Мезгил

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. 

 Маалым болгондой,  жолугушууда ТИМ өкүлү орусиялык дипломатка Малаховдун «Россия-1» каналындагы айткандары боюнча жагдайга токтолгон. Ошондой эле Орусиянын мамлекеттик телеканалдарындагы журналисттеринин мындай сөздөрүнө кыргыз-орус мамилелерин эске алуу менен тынчсыздануусун билдирген.

Малахов өзү алып барган «Россия 1» телеканалынын 24-сентябрдагы “Андрей Малахов менен түз эфир” телеберүүсүндө, Москвада такси айдап иштеп жүрүп жол кырсыгына кабылган жигит, туралуу айтып,  ал кыргыз мамлекетин жана кыргызстандыктарды кемсинткен сөздөрдү айткан.

Белгилей кетсек, Акбаров “Колбаса королу” атыккан орусиялык олигархтын баласы мотоцикл менен катуу ылдамдыкта келе жатканда автоунаасы менен алдынан чыга калып, жол кырсыгына себепкер болгон. Орус жараны кагылышуу болгон жерде жан берген.

Буга байланыштуу кыргызстандык интернет колдонуучулар нааразы болуп, «Малахов кечирим сурасын» деген акцияны башташкан.

Ал ортодо Россиянын Кыргызстандагы элчиси бул боюнча пикир билдирген. 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *