Мамат Айбалаев: Талаш жерлерди кошуна мамлекеттерге кармата берүү – чыккынчылык болуп саналат

Мезгил

Мамат Айбалаев: Кыргыз-тажик жарандарын көчүрүп алмаштыруу жолу менен маселени чечсе болот

Кыргыз-тажик чек арасындагы маселер көнүл борборунан орун алып келет. Баткен облусунун биринчи губернатору Мамат Айбалаев муну чечүүнүн бир эмес 3-4 жолу бар экендиги тууралуу оюн билдирди.

– Союз учурунда өлкөнүн түштүк областтары жеринин үчтөн бир бөлүгүнөн ажыраган. Буга чейинки президенттер чек араны тактап алууну аягына чыгаргылары келишкен эмес. Тажикстан тарап маселенин бат чечилүүсүнө кызыкдар эмес. Учурда алардын калкынын саны өсүп 9 миллионгон жетти. Чек арада жашаган биздин жарандар үйлөрүн таштап, иштеп акча табуу үчүн башка жактарга кетип жатышат. Талаш жерлерди кошуна мамлекеттерге кармата берүү маселени чечкендикке жатпайт. Ал – чыккынчылык болуп саналат. Чек арадагы жер маселесин мамлекеттин пайдасына чечүү азыркы чиновниктердин колунан келбесе, анда ишти токтотуп (тоңдуруп) турган жакшы.

Чек арадагы чыр-чатактан арылуу үчүн Кыргызстандын анклавы болгон Ворух жана Мачаиде жашап жаткан жашоочуларды Тажикстандын Мургаб, Жерге-Тал райондорундагы этникалык кыргыздарга көчүрүп алмаштыруу жолу менен маселени чечсе болот. Согди облусунда Коженттин тегерегиндеги айылдарда да 22 миңден ашуун кыргыздар жашайт. Менимче эки тарап деле буга каршы болбосо керек. А тургай тажик жарандары мыйзамды аябай сыйлаган, уккан эл – деди Айбалаев.

Бул сунуш канчалык деңгээлде туура жана канчалык денгээлде ишке ашырылары суроо жаратат. Мындай көчүрүүгө жергиликтүү жашоочулар макул болобу? Сохтун сууга мол айдоо талааларын тажик жарандары тоолуу Мургаб менен Жерге-Талдын жерине алмаштырууга барабы? Элди массалык түрдө көчүрүп алмаштыруу канча убакытка созулат жана канча миллиондогон каражатты талап кылат? Буга эки мамлекет каражат таба алабы? Тажик тарап макул болбой койсочу?

Хатлон облусунун мурдагы Жерге-Тал жана Мургаб деп аталган, ата-бабаларыбыз Каратегин деп жүргөн жерде жана Согди облусунунда жашаган этникалык кыргыздар буга макул болушабы? Памирлик бир ууч кыргыздарды көчүрүп келүүгө чамабыз жетпей турганда бул чоң долбоорго кантип чамабыз жетет?

Дүйнөлүк практикада мамлекеттер жер алмашкандыгы тууралуу билип жүрөбүз. Ал эми эл алмашкан практика бар экендигин билгендер барбы? Эгерде Мамат Марипович айткан сунуш ишке ашып Тажикстандагы боордошторубуз Сохтун кооз жерине көчүрүлүп келсе аларга карата “Сен тажиксиң, жериңе кайра кет” деген басмырлоо сөздөрү жергиликтүүлөр тарабынан айтылбайбы? Ушуну менен Кыргызстан Тажикстандан биротоло изоляцияланып калат, чек арада чыр чыкпайт деп кепилдик бере аласызбы Мамат Марипович? Чек арага жакын жашаган тажик эли андан кийин “Бизге кыргыз тарап сууну аз өткөрүп жатат” деп чек аранын ары жагынан туруп алып таш атып, чыр салбайбы? Анан кызыгы улут аралык никеден туулган жээндерибиздин тагдыры кандай болот Мамат Марипович? Иши кылса түмөндөгөн суроо башыбызды тегеретти. Буга жооп издеп сиздерге да кайрылабыз урматуу окурмандар. Пикириңиздерди күтөбүз?

Тарыхчы Кыяз Молдокасымов “Бүгүнкү күндө мургабдык кыргыздарды алып келүү менен маселени чечүү мүмкүн эмес” деген пикирин билдирди:

– Мүмкүн Айбалаев өзү губернатор болуп турган учурда ушул маселе боюнча аракет кылганда балким ишке ашмак. Учурда муну ишке ашыруу мүмкүн эмес.

Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстанда 56 миңге жакын этникалык кыргыздар жашайт. Алардын көпчүлүгү Жерге-Тал жана Мургаб райондоруна отурукташкан. Анын ичинен 20 миңден ашууну Согди облусунун аймагында жашашат. Кыргызстанда да ушул санга жакын этникалык тажик туугандар жашайт.

Кыргыз-тажик чек арасына жакын аймактарда чыр-чатак көп чыгып турат. Акыркы жолу 3-июль күнү Баткен облусунун Ак-Сай айылынын чыга беришиндеги газ куюучу жайдын 55 жаштагы кожоюнун Тажикстандын жараны сабап кеткен факты катталган. Натыйжада наразы болгон эл жолду тороп, түшүндүрүү иштеринен соң ачышкан

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *