Мамлекеттик каттоо кызматынын баласын көчөдө тепкени үчүн жумуштан айдалган кызматкери сотко кайрылды

Мезгил. 

Сокулук районундагы Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген Бариер Адиев 2 жаштагы баласын көчөдө тепкени үчүн кызматынан бошотулган болчу. Эми ал жаран сотко кайрылып, мурдагы ишине кайра дайындалууну жана компенсация өндүрүп алууну көздөөдө.

Эске салсак, интернет тармагында кичинекей баласы менен сейилдеп жүргөн киши баласы жыгылып кетсе,  тургузуунун ордуна, бир тепкени видеого түшүрүлүп тараган. Бул окуя интернет колдонуучулардын кызуу талкуусуна алынгандан кийин каттоо кызматы Адиевди кызматтан кетирген.

Учурда Бариер Адиев Мамлекеттик каттоо кызматын миллион сомго сотко бергени белгилүү болду. Ал аталган мекемеден кызматына кайра дайындоону, жумуштан четтетилген кезден тартып бардык айдын айлык маянасын төлөп берүүнү талап кылып, моралдык чыгым катары да жалпысынан 1 миллион 356 сом төлөтүүнү көздөп турат.

Биринчи инстанциядагы сот анын доо арызын кабыл кылуудан баш тарткан. Бирок, Адиев шаардык сотко аппеляциялык арыз менен кайрылды.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *