Мамлекеттик кызматтар жаңыланат. Айрымдары бириктирилсе, кээ бир тармактар ажыратылат

выбор

Мезгил. 

Өкмөттүн жаңы ийкемдүү түзүмүнүн долбоору учурда иштелип жатат. Анын негизинде, мамлекеттик органдардын кээ бири бириктирилсе, айрым тармактар ажыратылат.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Жогорку Кеӊеш өкмөт башчы тарабынан өкмөт мүчөлүгүнө дайындоого сунуш кылынган талапкерлерди  талкуулап жатат.

Депутаттар каралып жаткан кызмат орундары аткаруу бийлигинин өтө маанилүү тармактары экенин белгилешти. Ошондой эле, аларды жаӊы кызматтык иш-милдеттерине жоопкерчилик менен мамиле жасап, өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө, калктын калыӊ катмарынын кызыкчылыгын коргоп, алардын турмушун жакшыртууга өз салымдарын кошууга чакырды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ушу тапта атайын жумушчу топ түзүлүп, Өкмөттүн жана анын аппаратынын жаӊы ийкемдүү түзүмүнүн долбоору иштелип жатканын билдирди. Айтымында,  ал аяктагандан кийин парламенттин кароосуна киргизилет.

Кайра түзүмдөштүрүүнүн  алкагында,  айрым мамлекеттик органдар бириктирилип, ал эми айрым бир ирилештирилген органдар өзүнчө тармактарга ажыратылышы мүмкүн. Ал долбоор иштин жүрүшүнө жараша аяктайт.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *