Мезгил
Мамлекеттик салык кызматынын инспекторлоруна кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалым болгондой, Свердлов районунун салык кызматында инспекторлор документтерди жасалмалоо жолу менен ЕАЭБ мамлекеттеринен товарларды Кыргызстанга мыйзамсыз киргизишкен.
Учурда иш “Кызмат ордун кыянаттык менен пайдалануу” жана “Кызматтык жасалмалоо” беренелери менен тергелип баштады.
Жыйынтыгында, мамлекеттик бюджетке 14 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирилди.
Булак: Мезгил Ньюс