Мамлекеттин бүтүндөй укук коргоо системасына орсок тишин көрсөткүдөй Кадыр Атамбаев деген ким өзү?

   Мезгил

Атасы камалгандан бери Кадыр Атамбаев ЖМК аркылуу ар кайсыл нерсени бир айтып, жылдыз оорусу менен ооруп келет. Мамлекеттин бүтүндөй укук коргоо системасына орсок (ууру тиш) тишин көрсөткүдөй Кадыр Атамбаев деген ким өзү? Анын айтуусунда атакесинин мүлкү тууралуу Башкы прокуратуранын ЖМК аркылуу тараткан тизмеси (120 мүлк камакка алынган) «фейк» имиш. Ал тургай бийлик Атамбаевдин мүлкү тууралуу кара пиар жасап жатыптыр. Башкы прокуратура муну манипуляция кылып жатыптыр.

Кеп болбосоң коё кал. Кадыр балакайдын пикирине таяна турган болсок Баш прокуратура, ИИМдин, УКМКнын тергөө кызматы топ таш ойноп олтурушуптур да. Бүтүндөй мамлекеттин структураларынын жасап жаткан иштерин жокко чыгаруу, шылдыңдоо Кадырга атакеси Алмазбектен жугушуп, айыккыс генетикалык, тукумдан-тукумга бериле турган ооруу катары мурасталып калса керек.

Эмне дейли, Кадыр балакай, эгерде чүкө ойногуң келсе алысыраак барып ойно. Эч качан 6 миллион калктын кызматында турган, өзүң жашап келген, Кыргызстаныбыздын укук коргоо органдары менен чүкө, топ таш ойнобой жүр!

Кадырдын айтуусу боюнча 120 мүлктүн 101и аларга тиешелүү эмес экен. Анан да «Кыргызстан» АКБсында гана 2002-жылдан бери банктык эсеби бар экендигин тактады. Демек Атамбаевдер менен Бабанов «Кыргызстан» банкы аркылуу бизнес байланышта болуп келген тура. Бул тууралуу mezgilnews.kg «Атамбаев «күкүк» болгондо, же анын Бабанов, Түлеев менен болгон бизнес байланыштары» деген макала жарыялады эле.

Баарын тергөө аныктайт, тергөө болсо эми эле жумушун баштады. Камоого алынган мүлктөр Атамбаевдин багынып беришинен алдың кимдир бирөөлөргө сатылган болсо, сатып алуу-сатуу документтеринин түзүлгөн же түзүлбөгөндүгүн, же мүлктү жашыруу максатында мыйзамды бузуп туруп, башка кишиге катталган болсо анысын да аныктайт деген үмүттөбүз. Ал эми Кадырдын «Атакем 90-жылдарда ийгиликтүү бизнесмен жана меценат болгон. Байлыгын мамлекеттик кызматта иштеп турганда тапкан эмес, бизнес менен шугулданып тапкан. Биз мүлкүбүздү жана буюмдарыбызды эч качан жашырган эмеспиз» дегени суу кечпеген калп, элдин башын тегереткен жалган. Алмазбек Атамбаевдин алгачкы капиталы Россиядан берилген гранттын 50 миллион доллары Кыргызстан Жазуучулар союзуна бөлүнүп, ал акчага Чыңгыз Айтматовдун жардамчысы болуп турган Атамбаев Бишкектеги 4 заводдун акциясын сатып алып, кийин аны өз атына каттатуу аркылуу бизнесмен болуп чыга келгендигин Аскар Акаев кан какшап айтып келет го. Демек Атамбаев 90-жылдары чыга келген ийгиликтүү бизнесмен эмес, жазуучуларга бөлүнгөн акчаны уурдаган чон ууру болгон. Ал эми бийликте 6 жыл, ага чейин премьер-министр болуп турганда уурдаган акчалары, коррупциялык иштери тууралуу айта берсе кеп түгөнбөйт.

Бул чоң уурулуктардын фонунда карай турган болсок Кадыр балакайдын айткандары суу кесчпей калат.

Булак: Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *