Мамытов: Атамбаев асмандан түштүбү?

Мезгил

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутат Талан Мамытов эмоция менен сүйлөп: «Эмне үчүн Атамбаев жөнүндө айтапайсыңар. Атамбаев асмандан түшкөнбү? Силер эмнени сүйлөп олтурасыңар? Помпа менен куралданган «Альфа» атайын кызматын  Атамбаевге жиберип олтурасыңар…» деп нааразычылыгын билдирди.

– Атамбаев мыйзамды уруп ойнобойм. “Өзүмдүн үйүм, өзүмдүн мамлекетим” деп, өзунчө мамлекет куруп алды. “Куралым бар, атышам. Курал колдоном.” деген, мына кечээ куралын колдонду. Бейкүнөө өз милдетин аткарып барган адамды атып өлтүрдү. Алтургай “өзүм аттым” деп айтты. Бул жерде баарыңар “тиги күнөөлүү, бул күнөөлүү” деп, түштөн кийин күнөөлүүнү издеп“отставкага” кетишин талап кылып отурасыңар. Атамбаев эмне мыйзамдан жогорубу? же асмандан түшкөнбү? Бизди камаганда да мыйзам менен жооп берип, соттун чечими менен чыкканбыз. Атамбаев эмне өзгөчөбү? – деди Мамытов.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *