Мезгил
“Манас” эл аралык аэропортунда каттамдар кадимки режимде аткарылып жатат. Бул тууралуу аталган аба майдандын басма-сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, аэропорттун аймагында калың туман жок. Көрүү деңгээли жакшы, андыктан аткарылбай калган каттамдар болбойт.
Бирок аба-ырайынын шарттарын эске алып, жүргүнчүлөргө аэропортко эртерээк чыгуу сунушталат.
Мезгил ньюс