“Манас” эл аралык аэропортунун кызматкерлери тамакка ууланды

Мезгил

“Манас” эл аралык аэропортунун он кызматкери тамакка ууланып ооруканага кайрылды. Бул тууралуу  республикалык клиникалык инфекциялык ооруканадан билдиришти.

 Маалым болгондой, аба майдандын кызматкерлери уулануунун белгилери менен 20-июлда кайрылган.

Алардын ичинен эки кишиге амбулатордук жардам көрсөтүлүп, үйүнө жөнөтүлдү. Учурда жети киши ооруканада. Уулангандар аэропорттун аймагындагы “Экипаж” кафесинен тамактанган.

Текшерүүнүн натыйжасында муздаткычтар иштебегени  аныкталган.  Ошондой  эле  ашпозчу, официанттар медициналык кароодон өткөн эмес. Чийки эт менен бышкан эт, азык-түлүк бири-бирине жанаша турбашы керек. Бул режим жана өздүк гигиена сакталган эмес. Идиш-аяк, ал жерде иштегендердин колдорун текшергенде жугуштуу микроб, ичеги-карын палочкалары аныкталган”

Учурда аталган кафе жабылып, кемчилик жоюлмайынча алардын иштешине тыюу салынды.    

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *