“Манас” эл аралык аэропортунун мурдагы төрагасы Мурат Примбердиев кармалды

  Мезгил

“Манас” эл аралык аэропортунун мурдагы төрагасы Мурат Примбердиев кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалым болгондой, ал “Манас Менеджмент Компани” жабык акционердик коомунун жооптуу адамдары тарабынан чет элдик компанияга эл аралык каттамдар аркылуу жүк ташуудагы коррупциялык схема боюнча кармалган.

Эске салсак, Мурат Примбердиев коррупцияга шектүү катары 17-февраль күнү кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.

Буга чейин “Манас” эл аралык аэропортунун мурдагы төрагасы Эмир Чукуев кармалган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *