Марат Иманкулов: Атамбаевди кармоого “Альфа” анти-террордук аскердик бөлүгүнүн тартылышын сындады

Мезгил

УКМКнын мурунку төрагасы Марат Иманкулов Атамбаевди кармоо операциясына “Альфа” анти-террордук аскердик бөлүгүнүн тартылышын сындады.

Коопсуздук жаатында эксперт Атамбаевге карата тергөөгө чакыруу буга чейин ИИМ тарабынан берилгенин эскертип, эмнеге бул операцияга атайын кызмат кийлигишкени тууралуу суроолор жаралат.

– ИИМдин деле атайын даярдыктагы аскердик бөлүгү бар эле. Алар мындай иштерде машыгып, эл менен да иштегенди билет. Аларды кирип барып, Атамабаевди алып чыкканга мүмкүнчүлүк бар болчу. “Альфаны” ишке салгандан кийин операцияны ийне-жибине чейин ойлонуштуруш керек эле -деди Иманкулов.

Иманкулов Кой-Таштагы операцияны уюштуруу чабал болгонун бирдирип, президенттин катышуусундагы Коопсуздук Кеңешинин жыйынында сөзсүз УКМК жетекчилигинин жоопкерчилиги тууралуу маселе көтөрүлүшү керектигин баса белгиледи.

7-августта УКМКнын ишке ашпай калган операциясынын жыйынтыгын 48 адам ооруканага кайрылып, тогузу үй шартында дарыланып жатат, 38и учурда ооруканада. Окуяда бир күч органынын кызматкери каза тапты.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *