Марлен Маматалиев оор жүк ташуучу унааларга 200 миң сом айып пул салгысы келет

  Мезгил

 Парламент депутаты Марлен Маматалиев “Автомобиль жолдору жөнүндөгү” мыйзамга жана “ Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүүгө транспорт каражаттарына уруксаат берүү тартибин бекитүү жөнүндөгү” токтомго өзгөртүү киргизүүнү каалайт. Анын пикиринде жол четинде жайгашкан тараза көзөмөлдөө бекеттериндеги коррупциядан улам оор жүк ташуучу унаалар ашыкча жүк менен жүрүп, натыйжада автожолдор бузулуп жатат.

Ошол эле кезде өлкөнүн сырткы карызы 4,5 миллиард доллар болуп турат. Анын 2 миллиардга жакыны жол курууга жумшалган. Өлкөдө көптөгөн жолдор оңдоого муктаж болуп турганына карабастан, мурда курулгандары четинен бузулуп жатат. Анын бузулушу негизинен оор салмактагы жүк ташуучу унаалардын ашыкча жүк артып, ал жолдор менен жүрүп жаткандыгында.

Маселен, “Сосновка” бекети аркылуу 20 миң оор жүк ташуучу унаа өткөн болсо, анын ичинен 275 унаага гана протокол толтурулган. Бул көйгөйлөрдү жөнгө салуу максатында депутат мыйзам долбоорун иштеп чыгыптыр. Анын айтымында жүктү чектөөдөн ашыкча жүктөп алып, тартипти бузган айдоочуларга 100 миң сом көлөмүндө айып пул салуу боюнча санкция кийирүү керек. Ал эми юридикалык тараптарга айыптын көлөмү 200 миң сомго чейин көтөрүлмөкчү.

   Депутаттын айтканы омоктуу пикир экен. Бирок аны карапайым элден чыккан оор жүк ташуучу унааларды башкарган айдоочулардын жону көтөрө алар бекен? Жаш депутаттын жасаган аракети, көтөргөн көйгөйлөрү колдоого аларлык. Бирок Марлен Маматалиев теория жүзүндө мыкты мыйзам жазган менен, жаш депутаттын турмуштагы тажрыйбасы аз экендигин унутпайлы.

 Кыргызстан чакан өлкө. Анын бир бурчунан экинчи бурчуна жүк тартып барган оор жүк ташуучу унаанын ээси эч качан 100 миң, же 200 миң сом таза киреше таба албайт. Ал эми тараза көзөмөл бекетине 10 видеокамера орнотуп, жол коопсуздук кызматтарына болгон көзөмөлдү күчөткөн кезде да 200 миң сом айып пулду өндүрө албай, кайра эле коррупцияга колтук ачып берерибиз бышык. Айдоочулар 1 000 чакырым жерге 1 килограмм жүктү 3 сомго ташып барып, маңдай терин арчый албай жүрсө, Маматалиев асманда маркайып учак менен учуп жүрөт окшойт. “Коопсуз шаар” жана “түкүрүк” боюнча асмандын башын чапчыган айып пулдарды кабыл алып, кийин анын көлөмүн азайтып убара чеккендигибиз депутатка сабак болгон эмес көрүнөт. Же ал келерки жылда болчу шайлоого карата кырданып, эл көзүнө“короз” көрүнгүсү келип жатабы? Иши кылса Маматалиев асмандан жерге түшүп, көкөлөп кеткен мыйзам долбоорун бир аз жумшартса дурус болмок беле?

    Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *