Марс Сариев, саясий талдоочу: “Финпол дагы каза берип эч нерсе таппаса, Али Токтакуновдун 700 миллионундай уят болот

Мезгил

– Марс мырза Карамушкина президент Матраимовдун декларациясын сот, прокурорлорго текшерүүгө тапшырма бербесе жана анын туугандарын кызматтан албаса, Жээнбеков менен Атамбаев элдешпейт деп айта баштады го. Матраимов Атамбаевдин элдешкис душманыбы?

– Негизи Матраимовдун атын бекер аташкан жок. Анткени, бул жерде саясат жана саясий заказ бар. Ага ылайык Карамушкина декларациясын текшериш керек деп маселе көтөрүп жатат. Текшерген күндө деле Матраимовдордун ишинен кынтык таппай жатпайбы. Анткени, Матраимовдордун кланы бизнести 1990-жылдары эле баштаган. Ал бажыда иштеп турган мезгилинде Кара-Суу базары аркылуу Өзбекстан менен Кашкарлык 1 000 деген майда ишкерлерге соода сатык коридорун ачып берип, жардам берген. Майда бизнестер менен байыган үчүн жарым жыл текшерсе дагы андан кынтык таппай жатышат.

Бирок, ага болбой Атамбаевчилер аны каматып, саясаттан четтетип, бизнестерин жаптыруунун айласын издеп жатышат. Муну Карамушкинанын оозу менен айттырып, Жээнбеков Атамбаев маселесине да Матраимовду кыпчып жатышат. Бирок, Жээнбеков алардын тилине кирип, Матраимовду  саясаттан четтетип, бизнесин жаап, түрмөгө отургузса, Жээнбеков утулат.

Анткени, парламенттик шайлоо алдында түштүктөгү  калкынын саны 3 районго тең келген Кара-Суу районундагы жашаган элден айрылат. Бийликтин партиясы утулуп, башка партиялар реванш алат. Анткени, Матраимовдордун кланы Кара-Суу районун колго алып койгон. Аларга чабуул башталса, эл өз оюн айтат. Бийликтин партиясын колдобой коёт. Матраимовдордо мына ушундай мүмкүнчүлүк болгон үчүн аларга асылып, каралоо аракети күч алып жатат.

Жарым жылга чукул текшерүүдөн кийин Матраимов жана анын жакындарына тийиштүү мүлктөн 24 миллион 275 миң сом салык катары өндүрүлгөнүн финполиция жарыялады. Финполиция  бул жыйынтыгы менен Матраимовдордо маселе бар экенин ачыктадыбы же бул жерде андан башка да маселелер бар экенин кыйыттыбы?

– Матраимовдордун элдин көңүлүн бурган маселеси боюнча финполиция өз жыйынтыгын чыгарып, салык төлөбөгөнүн ачыкка чыгарды. Менин тегерек үстөлдө айтканым туура чыкты.  Матраимовдор маселеси чоң саясат үчүн эле көтөрүлдү. Жогоруда айткандай Кара-Суу району президенттик, парламенттик шайлоодо маселе чече турган калкынын саны көп  райондордон.

Матраимовдордун кланы эбактан бери эле ишкерлик менен алектенген, капчыгы калың, элин колуна алып койгон таасирдүү кландардан. Шайлоо жакындап калганына байланыштуу Атамбаев Жээнбековду санаалаштарынан ажыратыш үчүн ушул маселени көтөрдү.

Бирок, элди уу-дуу кылган “Азаттык” жарыялаган иликтөөдө көрсөтүлгөн каражат далилденбей жатат. Тескерисинче, Элнура Алканованын иликтөөсүндө жасалма кол коюулар  орун алганы ачыкка чыкты. Азаттыктын иликтөөсү далилденбей калды. Али Токтакунов баштагыдай дебатка чыкпай калды. Азаттык айткан сыртка чыгып кетти 700 миллион доллар Саймаитиге окшогон ишкерлердин соода жүгүрткөн каражаты экени аныкталды.

 – Матраимов салыкты жашырган үчүн да жоопко тартылышы керек деген маселе чыга баштады го?

– Матраимовдорго таандык фирмалар салык төлөбөгөнүн финполиция таап чыкты. Бирок, Матраимовдор финполиция тапкан салыкты бир заматта жаап коюп, кылмыштын курамы жок болуп калганын, эске албай салыкты жашырган үчүн жазалансын деп жатышат. Чынында алар салыкты ошол замат жабышты да. Жаппайбыз десе, ана-мына деп чоюшса кылмыш иш козголмок да. Салыкты жаба салышканы үчүн Матраимовду алсыратканга күчтөрү да жетпей, аны жазалаганга факты дагы таппай, кылмыш ишин ачканга  юридикалык себеп жок болуп жатат. Азыр канча текшерип казса дагы финпол эч нерсе таппайт. Дагы каза берип, бирок, эч нерсе таппаса, Али Токтакуновдун 700 миллионундай болуп, уят болот.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *