Матраимовдор Атамбаев эмне мынча жаалданып жатканына түшүнүшө элек

Мезгил

Бир айтты, эки айтты, пластинкасы чайналып калган немеге окшоп, кайра-кайра кайталай берүү туурабы? Менимче, бул кишини бирөө – жарым окутуп, мээсине “Райым” деген атты куюп койгон окшойт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов билдирди.

Эл өкүлү Алмазбек Атамбаевдин иниси Райымбек Матраимов жөнүндө айткандарына кошулбайт. Анын айтымында ал ушул убакка чейин Атамбаев жөнүндө бир ооз да жаман сөз айткан эмес жана айткысы  келген эмес. Ал эми иниси Райымбек Матраимов эч кандай коррупциялык иштерге аралашпаган.

-Райымды иштен алууда бажыдагы киреше түшүп кетти” деп жөн эле шылтоо болгон. Атамбаевдин мурдагы аялынын кызы менен Райымдын кайнежеси машине кое турган жер талашып кетишет.

Кызы барып “мени Райымдын туугандары ушинтип жатат” деп арызданганда, Атамбаев жинденип “Райымды иштен алгыла” деп айткан. Бирок албетте, артында саясат да болгон.

Негизи Райымбек бажы тармагында эч кандай коррупцияга аралашкан эмес. Эгер аралашкан болсо мурда эле аныктап алышмак-деди Искендер Матраимов

Ошондой эле эл өкүлү иниси президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабын каржылабаганын, бул жөн гана жалаа экенин Атамбаевдин “Өч алып жатат, минтип жатат” деген президент болгон кишинин деңгээлиби? Бул анын өзүнө аброй алып келбейт деп ойлойм -деп кошумчалады.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов маалымат каражаттарына  маек берип,  “Мен экс-президент Атамбаевдин жаалданып жатканына түшүнбөйм. Анын досторун ар түрдүү кылмыш иштери боюнча камакка алышты. Сапар Исаковду Бишкек ТЭЦиндеги авария жана тендер өткөрүүдөгү уурдоолор боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартып жатышат. Кубанычбек Кулматовго мектептин курулушундагы уурдоолор боюнча шек жараткан иштер боюнча мыйзамдуу суроолор бар. Жооп беришсин.

Мындай учурда Атамбаевдин кыйкырыктары түшүнүксүз жана орунсуз, Атамбаев жана анын командасы жогоруда аталган долбоорлорду жеке өздөрү көзөмөлдөшкөн. Ошондуктан Атамбаевдин бардык жаңжалдарга мени аралаштыргысы келгени түшүнүксүз”, – деген.

Ошондой эле Раыймбек Матраимов Икрамжан Илмияновдун жардамы менен кызматка келгенин айткан жайы бар.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *