Ката үстүнөн ката. Медакадемия кайра оңдоп берген дипломунан дагы ката табылды

Мезгил

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) бүтүрүүчүлөрүнүн  дипломдорунан дагы ката табылды.

 «Учкун» басмаканасы оңдолгон дипломдордогу ката жазылгандарга алар күнөөлүү эмес экенин жана  дипломдордун текстинин электрондук версиясын Билим берүү жини илим министрлиги бекиткенин билдиришкен. Бирок, билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы ЖМКлардын бирине  ар бир университет ведомствонун кийлигишүүсү жок эле басмакана менен иштейт деп билдирди.

Сүрөттө көрүнүп тургандай «легализациаялоо» деп жазылган, бирок туура жазылышы «легализациялоо».

Ал эми предметтердин аталышын кыргызча жазууда “Чоңдордун курч респиратордук дистресс-синдрому” “Курч респиратордук дистресс – чоңдордун синдрому” деп жазылып калган.

ЖМКлардын бирине “Кайра оңдолуп басылган дипломду алдым бирок дагы ката табылды. Бул деген маскарачылык. Качандан бери бир дипломду тууралап бере алышпайт?”- деп бүтүрүүчүлөрдүн бири нараазычылын билдирген.

КММАнын бүтүрүүчүлөрү дипломдорунда каталарды биринчи жолу таап жатышкан жок. Буга чейин да студенттер катаны дипломдордун кыргызча сөзүнөн табышкан. Анда «Окууга кирди» дегендин ордуна «Окуугу кирди» деп жазылып турган.

Ошондо документтердеги каталарга 600дөй студент даттанышкан, университеттин ректораты болсо дипломдорду басмакананын эсебинен оңдоп берүүнү убадалаган эле.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *