Медицина жаңы деңгээлге өттү

Мезгил

Медициналык иш-кагаздар электрондук тарипке өтүүдө. Чүй облусунда медициналык мекемелердин арасында толугу менен электрондук тутумга Чүй облустук биргелешкен оорукана, Жайыл жана Токмоктогу аймактык ооруканалар кирди. Мунун менен катар Жүз пайызга компьютер менен Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору камсыз болушту.

Мындай заманбап техниканын жардамы менен иш алып баруу дарылануучуларга гана эмес, дарыгерлерге да жеңилдик жаратат. Чүй облустук биргелешкен ооруканага кайрылган оорулуу туурасында маалымат анын электрондук медициналык картасында сакталат. Дарылоонун астында дарыгер монитор аркылуу стационарда кайсы дары бар экенин биле алат.

Ошондой эле кайра жандандыруу жана операция бөлүмдөрүндө заманбап дем алдыруучу Германиядан чыккан аппараттар коюлду. Алардын жардамы менен оорулуулардын өпкөсүн жасалма дем алдырышат. Дарылануучулардын абалын дарыгерлер монитор жана мобилдик байланыш аркылуу көзөмөлдөп турат.

Эске салсак, Чүй облустук биргелешкен ооруканада өткөн жылдын башынан тарта бардык медициналык документтер, ошондой эле медициналык карталар электрондук вариантта жүргүзүлүүдө.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *