Медведев Чолпон-Атага келери белгилүү болду

Мезгил

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Россиянын элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту. Анда Россия өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведевдин Чолпон-Атага келери айтылды.

Тактап айтсак, Чолпон-Ата шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында Россия өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведевдин келиши күтүлүүдө.

Муну менен катар   Николай Удовиченко кыргыз-россия кызматташтыгынын динамикалуу өнүгүүсүн белгиледи.

Ал эми жолугушууда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык жана эки жактуу мамилелердин башка актуалдуу көйгөйлөрү талкууланды.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *