Мээрбек Мискенбаев: Бийликтин “чимкириктерге” күнү түшүп калганы өкүнүчтүү

   Мезгил

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев  азыркы парламент тарыхта “чимкирик” парламент болуп калды деди. Ал бул туурасында массалык маалымат каражаттарынын бирине маек берип жатып билдирди.

  “Бийлик  коррупция менен күрөшүп жатабыз деп коюп күнөөсүздөрдү камап жатат. Ошол эле Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов. ТЭЦ боюнча ошол убакта Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы болгон. Эмне үчүн ал жоопкерчилик тартпайт. ТЭЦ боюнча кабыл алган азыркы президент Сооронбай Жээнбеков эмнеге жоопкерчиликке тартылбайт. Ошондой эле ошол убактагы комитеттин жетекчилери Кожобек Рыспаев, Каныбек Иманалиев эмнеге алар жооп бербейт.   Анткени алар Жээнбековдун кишилери. Алар кошоматчылар, элбузарлар азыркы президенттин “чимкириктерге” күнү түшүп калганы өкүнүчтүү.  Азыркы бийлик өзүнүн принцибин айткандардын баарын камап репрециялык жол менен кетип жатат. Депутаттар эмне үчүн Атамбаевдин кемчиликтерин ошол убакта айтышкан жок. Алар кыргызтын тарыхында “чимкирик” парламент болуп калды. “Чимкирик” парламент менен иштешпей калганыма кубанам”-деди Мискенбаев.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *