Мексикада этти катуу ысыкка карабай сыртка илишет, анткени этти муздаткычка сакташпайт

Мезгил

Ар бир өлкөнүн салт-санаасы, үрп- адаты, улуттук ашканасы менен өзгөчөлөнүп турат эмеспи. Дүйнөгө  өзүнүн кооздугу менен маданияты жана жер кыртышы менен өзгөчөлөнүп турган  Мексика тууралуу кызыктуу материалды сиздерге сунуштайбыз. Бул өлкө өтө эле өзгөчө.

 Мексиканын борбор шаары Мехико.

Мексика мамлекети АКШ менен Борбордук Американын өлкөлөрүнүн ортосунда жайгашкан. Мексиканын Түндүк тарабы АКШнын Калифорния Аризона Нью-Мексико  жана Техас штаттары менен чектешет. Батыш жана түштүк тарабы Тынч океан менен ал эми чыгышы Кариб деңизи менен биригет. Мексикада Маянын уруусунун тушунда курулган Чичен –Ица жана Теотиуакан деген тарыхый жерлер бар. Ошондой эле ар кандай тропикалык токойлор чөлдөр кездешет.

Мексиканын жалпы аянты 1 972 550 км 2.

 Калкынын саны  127, 5млн.

Жаңы жемиш ширелери,  жана ар кандай муздак суусундуктарын Мексиканын ар бир көчөлөрүндө сатылып жатканын көрүүгө болот. Аябай арзан жана даамдуу болот. Бирок ичкенде абайлабаса  ширелерге толтура муз салып коюшат.  

Дагы бир улуттук  баарына белгилүү суусундук «Текила» деп аталат. Бул суусундуктун тарыхына кайрылсак   1968-жылы Олимпиадалык оюнда Текила деген атты алган экен. Биринчи жолу ошондо туристер даамын татып көрүшкөн.

Көчөдө сатыла турган мөмө жемиштерди арчып тазалап кесип салафан баштыктарга салып коюшат.

Мексикалыктар ачуу калемпирлерди аябай жакшы көрүшкөндүктөн   балмуздака да ачуу  чилиден салып коюшат.  Эгер Мексикага барып калсаңыз   балмуздак аларда чили кошулбаганбы жокпу сурап билип алганыңыз оң.

Мексикалыктар экзотикалык жаныбарлардын этин көп колдонушат. Андан да кызыгы булар жүгөрүнү  ачуу перецтерди көп өстүрүшөт жана улуттук ашканасында эң биринчи орунда ушул азыктар турат . Мексикада этти катуу ысыкка карабай сыртка илип коюшат. Анткени булар этти муздаткычка такыр  салышпайт.

 

Мексикалыктар ар бир төрөлгөн балага эки ат коюшат. Адди Мария же Карлос Антонио. Бул эч кандай ата энесинин фамилиясы эмес  өзүнүн аты.

Медициналык кызмат. Мексиканын жашоочуларына медициналык кызмат бекер, бирок сапатсыз.Андан көрө жакшылап дарыланам деген киши жеке клиникаларга кайрылганы жакшы болот.

Билим алуу бекер. Мектеп окуучулары мамлекет тарабынан  бекер тамактанып окушат. Ал эми студенттерге стипендия берилет. Кызык жери ушундай бекер билим алуудан да качып окушпайт экен.

Мексикага барганда үч дөңгөлөгү бар велосипедти көрүүгө болот.  Ал жүргүнчүүлөрдү каалаган жерине алып барып таксист болуп иштегенге жана  азык -түлүк отун жана башка нерсени жүктөгөнгө ыңгайлуу. 

Коррупция бул мамлекетте гүлдөй жайнайт. Айрыкча  полиция кызматкерлери параны өздөрү сунушташат.

Телефон автоматтан чалып көпкө сүйлөшсө деле ошол эле акча кетет. Тагыраак айтканда бир чалып сүйлөшүү 3 песо турат.

Мексикада үйлөрдүн көчөлөрдүн аттары каттар менен жазылган. Мисалы Calle 1 Calle 2, Calle 3  деп коюлгандыктан  карта жок деле үйлөрдүн көчөнүн жайгашкан жерин оңой эле таап алууга болот.

Мексикада машинанын номери паспорттогу номер коюлат. Андан да кызык жери  Мамлекеттик расмий Мехико таксинин  айдоочулардын   сүрөтүн машинанын терезесине чаптап коёт. Айдоочунун сүрөтү коюлганын себеби  таксинин айдоочусу ким экенин   билүү үчүн.

Таксини 3-4 киши чогулуп жалдаган жакшыраак коомдук транспортко түшкөнгө караганда  арзан болот.

 Кариб жээгиндеги кумдар  аябай майда жана  аппак 40 градус ысыкта дагы ысыбайт андыктан жай баракат бут кийим жоок жылаңаяк басып жүргөнгө боло берет. Ал эми Кариб деңизинин суусу  кышы жайы 25 28 градус ысык болот.

Мексикада тез- тез жер  титиреп турат Вулкан жарылып жер силкинүү ушул мамлекетте көп катталат.

Мексикалыктар  жакын адамы каза болсо, аны трагедия кылышпайт.Кайра жакындары кайгыргандын ордуна,   бийлеп кулуп майрамдашат. Ошол күнү бүт жерди гүл менен кооздоп чыгышат.

Тарыхына кайрылсак мындай салт индейецтерден  келген .

Мексика экономикасы боюнча  дүйнө жүзүндө 13-орунда турат. Базар экономикасы жакшы өнүккөн.

Мексикада жаш жубайлардын үйлөнү үлпөт тою аябай маанилүү.Тойго миндеген коноктор келип той жогорку деңгээлде өтөт. Ушул күн гезит беттерине чыгат. Тойдо аябай көп чыгым кеткендиктен аны келин тарап бүт моюнуна алат .

 

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *