Меморандумдун алкагында маселелер талкууланды (фото)

 Мезгил

14-августта  Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) директору Зайырбек Эргешов Россия Федерациясынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту.

Жолугушууда  Кыргыз Республикасынын ДИМК Россия Федерациясынын Улуттар иштери боюнча  федералдык агенттигинин (РФ УИФА) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлгандыгы боюнча жана ушул меморандумдун алкагында диний билим берүү багытындагы иш-чараларды өткөрүү жөнүндө маселелер каралды.

Ошондой эле коомдун диний сабаттуулугун жана толеранттуулугун жогорулатуу, конфессиялар аралык диалогду бекемдөө, дин тутуу эркиндиги, адам укуктары, диндер аралык платформа түзүү жана радикализмдин, экстремизмдин алдын алуу боюнча маселелер талкууланды.

Соңунда эки өлкөнүн достук мамилелерин мындан ары да бекемдөө максатында кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

Эске салсак, 2019-жылдын 28-мартында Россия Федерациясынын Президенти В.Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) менен Россия Федерациясынын Улуттар иштери боюнча федералдык агенттигинин (РФ УИФА) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *