Мезгил.
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов парламенттин “Республика-Ата Журт” фракциясынын жыйынына келбей койду. Фракциянын лидери Жыргалбек Турускуловдун айтымында, мэрдин ордуна жыйынга вице-мэр Асел Куламбаева келген.
Вице-мэр Азиз Суракматовдун жыйынга келбей калганын кеңешмеге катышып жатканы менен түшүндүргөн. Бирок, депутаттарды бул жооп канааттандырбады, фракциянын чакыруусуна кайдыгер караган шаар башчысына болгон нааразычылыктар арбыды.
Белгилей кетсек, РАЖ бүгүн шаардагы билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгы тууралуу маселени карап жатат.
Булак: Мезгил Ньюс