Мезгил
Бишкекке дагы 100 автобус алынып келинет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, мэрия транспорт каражатын сатып алууга тендер жарыялады. Бул максатта шаар бюджетинде 650 миллион сом каралган. Талаптарга ылайык, автобустар 70 адамга чакталган болушу керек.
Андан тышкары, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жана “Электрондук билеттештирүү” долбоорунун алкагында валидаторлорлорду орнотууга аянттар болуусу шарт.
Мезгил ньюс