Мезгил
Ордо калаа мэриясы аз камсыздалган үй-бүлөлөргө акысыз көмүрдүн ордуна компенсация бере баштады. Бул тууралуу Муниципалитет кызматы билдирди.
Маалым болгондой, быйыл 4 миң 478 үй-бүлөгө ар бирине 4 миң 280 сомдон тапшырат. Жарандар каражатты банк которуулары жана почта аркылуу алса болот.
Ошондой эле, 800 аз камсыздалган үй-бүлөгө “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы тарабынан 1 миң 200 куб отун берилет.
Булак: Мезгил Ньюс