Мэрия ысык аба ырайынан улам көчөлөргө суу чачууда (фото)

  Мезгил

Бишкекте ысык аба ырайына байланшытуу тазалыктын кызматкерлери саат сайын суу чачышууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, азыркы тапта жалпы 8 суу чачуучу унаа иштеп жатат. Учурда унаалар  ​Абдрахманов, Чүй,​ Шопоков, Ибраимов,​ Фрунзе, Москва,​ Токтогул,​ Киев көчөлөрүндө суу чачып жатат. Мунун менен катар башка көчөлөрдө да суу чачылат.

Ал эми мындай көрүнүш түндө да уланууда.  Алар саат түнкү 2-3төрдө башталып таңкы 7ге чейин уланат.  

 Белгилей кетсек, учурда абанын табы 37-38 градуска жетүүдө.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *