Мигранттар 10 жыл аралыгында 19 миллиард доллар которушкан

Мезгил

Бүгүн, 2-августта Кыргыз Ремпубликасынын президентинин алдындагы чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышы өттү. Анда президент Сооронбай Жээнбеков акыркы 10 жыл аралыгында чет жакта жашап, иштеп калган мекендештер Кыргызстанга 19 миллиард доллар которгонун баса белгиледи.

– Мигранттардын кошкон салымы биздин экспорттун көлөмүнөн жана түз инвестициялардын суммасынан ашып түшөт. Мигранттардын акча которуулары курулуш, каржы, тигүү, унаа, товар жана кызмат, айыл чарба тармагына өнүктүрүүгө импульс болууда. Бул убакыт аралыгында экспорттун көлөмү 18 миллиард долларды түзүп, бизге келген инвестициянын суммасы 8,3 миллиард долларга жеткен – деди президент.

Эске салсак, былтыр эмгек мигранттары жана мекендештердин колдоосу менен ар кандай 153 өнүктүрүү жана кайрымдуулук фонддору ачылган.

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *