Миграциянын кесепети: Ата-энесине куса болгон балдардын окуусу да начарлайт

Мезгил

Кыргызстандыктардын дээрлик 13 пайызы чет өлкөдө эмгектенет

Кыргызстандыктардын дээрлик 13 пайызы чет өлкөдө жашап, эмгектенет. Мигранттардын чоң бөлүгү Орусияда. Миграция боюнча иш алып барган мамлекеттик мекемелердин маалыматына таянсак, кыргызстандык мигранттардын 45 пайызы аялдар. Ал эми 2019-жылдын биринчи кварталына карата өлкөдө мигранттардын 102 406 баласы катталган. Статистикага ылайык, балдардын көбү түштүк аймакта. Ош облусунда 25 591, Жалал-Абадда 22 226, Баткенде 16 686, Чүйдө 5 776, Ысык-Көлдө 6 920, Нарында 1 490, Таласта 3 310 баланы таштап, ата-энеси иштегени чыгып кеткен.

Мигранттардын балдарына зомбулук күч алууда

Жакырчылыктын жана жусмушсуздуктун айынан балдарын таштап, чет жерде иштеп, акча табууга кеткен ата-энелер балдарын чоң ата, чоң энелеринин же туугандарына таштоого аргасыз болушат. Акыркы эки жыл аралыгында мигранттардын балдарына туугандары тарабынан ур-токмок, зордук-зомбулуктун оор түрлөрү көп кездешүүдө.

Бул боюнча ИИМдин маалыматы боюнча, 2018-жылы 13 бала зордук-зомбулуктун оор түрүнө кабылып, анын тогузу алган жараатынан көз жумган. 2018-жылдын ноябрь айында Бишкекте эки жаштагы бала ооруканага оор абалда түшүп, кийин чарчап калган. Бул наристенин энеси акча табыш үчүн мигрант болуп, баласын курбусуна таштап кеткен.

Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук ооруканасына катуу сабалган наристе түшкөн. Бир нече күнгө чейин бала эсине келбей, реанимация бөлүмүндө чарчап калган. Суракка алынган 40 жаштагы аял баланы ага сиңдиси таштап кеткен, наристе шымына сийип койгону үчүн чыбык менен сабаган.

Мындан сырткары ата-энеси алыска иштеп кеткен баланын таекеси аркан менен унаага сүйрөп сабалган баланын окуясы да коомчулукта чоң талкуу жараткан. Бул ачыкка чыккан фактылар, билинбей кор болгондору канча…

Миллиарддарды которгон мигранттарга мамлекет жардам береби?

Мигранттар жылына өлкөгө миллиарддаган акча которушат. Мамлекеттик миграция кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2018-жылы 2 миллиард 685 миллион 270 миң доллар которсо, 2017-жылы 2 миллиард 482 миллион 420 миң доллар салышкан. Мамлекетке миллиарддаган акча которгон мигранттардын балдары кор болуп жатканына ким күнөөлүү? Алардын акчасы жакшы, ал эми балдарына шарт түзүлбөй ар кандай зомбулукка учурап, болгондо да жакындары тарабынан ур-токмокко кабылып жатканы абадан өкүнүчтүү.

Ата-энесине куса болгон балдардын окуусу да начарлайт

Миграциянын кесепетинен балдар да жапа чегүүдө. Атасы же апасы алыска кеткен балдар куса болуп, окуусунан да начарлап кетүүдө. Ата-эне баласын таштап чет жерге кетүүдөн мурда баланын психологиясы бузуларын эске алышы зарыл. Ата-энеси алыста болуп, башка бирөөнүн колунда тарбияланган балдар социалдашкан жетим үй-бүлө болуп эсептелинет. Чачыранды үй-бүлө мүчөлөрү психологиялык жактан жабыр тартат. Балдарда сагынуу сезими ата-энеси келбей койсо таарынууга өтүп, таарынуудан жек көрүү пайда болушу мүмкүн. Ошондуктан алыста болгон ата-энелер балдарына телефондон болсо да жакшы сөз арнап туруу керек. Ата-эне баласы үчүн иштеп жүрсө да аны балалык сезим менен түшүнбөшү мүмкүн.

Кыргызстанда ар кандай багыттагы 127 балдар мекемесинде 11 миңден ашуун кароосуз бала тарбияланып жатат.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *