Милицияны ким коргойт?

Мезгил

Кечээ жакында Бишкектин кичи райондорундагы дүкөн, күркөлөрдү алуу боюнча соттун чечимин аткарып жаткан милиция кызматкерлерин камаганы калыптыр деген имиш чыкты. Ага чейин массалык маалыматтардын күркөнүн ээсинин бели сыныптыр деген маалымат чыккан.

 Бирок ошол эле видеодон тез жардамдын унаасына бели менен кыймылдап койкага жатып атканын көрүүгө болот. Ал эми эспертизада бели эмес эле бел омуртканын биринин канатынан жаракат алган деп билдирген. Врачтардын билдирүүсү боюнча мындай жаракатты токмок жеп эмес оор бир нерсе көтөргөндө же мурун кокустатып алгандан болушу толук мүмкүн экен.

Экинчиден соттун чечимин аткарбай, милицияга жулунган, мыйзамды уруп ойнобогон адамдын моралдык жактан алганда ооруканага жатып алып мени өлтүрүп кое жаздады дегени канчалык обьективдүү? м

 Үчүнчүдөн бул ишти каржы полициясы карап жатат, кайсы финансылык маселе бар? Көрсө каржы полициясында жабырлануучумун деп жаткан адамдын жакын адамдарынын бири ошол жерде бакыйган башчыларынын бири экен.

Мындай көрүнүштөн кийин соттордун чечимин аткаруу үчүн, коомдук тартипти сактоо үчүн эч бир милиция кызматкери иштебейт. Себеби алардын дагы үй бүлөөсү бар, жөн жерден карапайым катардагы илициянын укугун ким коргойт деген суроо туулат?

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *