Министр Каныбек Исаков жаш мугалимге сыйлык берилгенин прессадан укканын айтып кечирим сурады

   Мезгил

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Ош облусунагы 23 жаштагы мугалим билим берүүнүн мыктысы наамын алышы боюнча комментарий берип, кечирим сурады. 

“Мугалимдер күнүндө ар бир  аймактарда биздин пландарыбыздагы Бишкек жана Ош шаарындагы жылдын мыкты мугалими болгон мугалимдерге билим берүү тарабынан “билим берүүнүн мыктысы” деген сыйлык боюнча сунуштар келип түшкөн. Атайын министрликтин алдында комиссия бар. Ал комиссияга мен мүчө эмесмин, комиссия карап чыккан. Ал жерде өтө көп миңден ашык адамга билим берүүнүн Ардак Громаталарын, билим берүү министрлиги  “билим берүүнүн мыктысы” деген наамдарды беришип, ошону жер жерлерге алып барып, биздин бөлүмдөр аркылуу тапшырышты.

Бул мугалимдердин моралдык жактан духун көтөрүү үчүн көрүлгөн чара. Бул окуяны прессага чыккандан кийин билдим.  Ал жерде министрдин тууганы деп жазылыптыр. Мен 25 жылдан бери жетекчилик кызматта келе жатсам, бир да жолу тууган, дос, дегендерди аралаштырбагандыгым үчүн эл алдында башымды бийик көтөрүп алып жүрөм деп ойлойм.  Мындай нерселерди туура эмес деп эсептейм. Бул боюнча биз атайын иликтөөлөрдү жүргүздүк. Бул кыз студент кезинен баштап иштеп бир топ ийгиликтерди жаратыптыр. Билим берүү  департеминтинин  сунушу менен берилиптир.  Бул эми мамлекеттик сыйлык эмес, тармактык. Ар бир кызматкердин эмгегине жараша бериле турган нерсе. Дагы бир жолу тактап койгум келет. Эмгек тажрыйбасы сөзсүз эске алынышы керек. Жобону өзгөртүшүбүз керек деп ойлойм 20-30-40 жыл иштеп билим берүүнун мыктысы боло электерди көрүп моралдык жактан жоопкерчиликти сезип жатам. Алардан кечирим сурайм. Тармактын сыйлыктарды берүүдө этият болушубуз керек”- деди министр.  

Белгилей кетсек, буга чейин мугалимдер күнүндө Ош облусунда 23 жаштагы Бактыгүл Жапар кызы аттуу  жаш мугалимге  билим берүүнүн мыктысы наамы берилип, бул коомчулукта сындарды жараткан. 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *