Элдар Абакиров: Депутаттар парламентке өзүнүн бизнесин коргош үчүн келет, алардын элди ойлогонго убактысы да жок

Мезгил

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров массалык маалымат каражаттарынын бирине маек берип жатып азыркы депутаттар бир гана бизнесин коргош үчун гана Жогорку Кеңешке келишээрин жана алар элди ойлогонго убактылары жок экендигин айтты.

Депутаттарды толук жаман адам деп айтыш кыйын. Балким эскиден калган куйруктар бардыр. Көбүнчө ал жерде ишкерлер. Көбүнүн ар кайсы тармакта  чоң-чоң бизнестери бар. Булардын жумушу парламентте отуруу эмес, алардын жумушу өзүнүн бизнесин өстүрүү өнүктүрүү. Эмне себептен булар парламентте болуп калды деген суроо жаралып жатат. Менин оюмча бул жерде негизги бир себеп бар. Бул бизнесин мамлекет, өкмөт коргобой жатат. Коопсуздук сот системасы, бизнести текшерүү системасы адилеттүү баардык бизнестерге бирдей караган салык системасы, бажы системасы иштебей жатат. Ошондуктан ар бир ишкер айла жоктон парламентке барып өзүнүн бизнесин коргогонго муктаж болуп жатат. Мен  депутат бизнесмендердин баарына эле айтат элем парламентте отуруу силердин ишиңер эмес. Силердин ишиңер ошол бизнесиңерди бутка тургузгула а парламентке чындыгында адилеттүү, ишин билген, реформа кыла алган бизнести дагы саламаттыкты сактоо, билим берүү, сот системасын ар бир тармакты түшүнгөн көз караштагы адамдар келип депутат болуп ошонун баарын оңдош керек. Ал жерге келген депутат бизнесмендер өзунүн бизнесин гана ойлойт алар элди ойлогонго чынында убактылары деле жок. Аларды да түшүнсө болот  деди- ал.

Мезгил ньюс  

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *