Министрлик мектеп окуучуларынын формасы кандай болушу керектигин айтты

  Мезгил

Мектеп окуучуларынын формасы ата-энелердин пикирин эске алуу менен тандалышы керек. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги эскертүүдө.

 Маалыматка ылайык, мектептерде окуучулардын кийимине талаптар 2015-жылы киргизилген. Ага ылайык, форма кара, боз, кочкул кызыл же көк боло алат.

Мындан тышкары, классикалык үстү ак, алды кара кийим жарактуу.

Кандай болгон күндө дагы, бирдиктүү форма киргизүүдө анын сапаты, баасы жагынан ата-эненин пикири эске алынышы керек. 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *