Мира Жангарачева «Атамбаевди ит аткандай атып салгыла» дегенби?

Мезгил

Телефон аркылуу сүйлөшүү 7-августта Кой-Таш окуясы күч алып турган убакта болуптур. Көркөм сүрөт музейинин жетекчиси, мурда бир топ жогорку кызматтарда иштеп келген Мира Жангарачева генерал-майор Курсан Асанов менен телефон аркылуу сүйлөшкөн деп божомолдонот. Анда Мира айым «Анын шаарга түшүп келип, баарыңарды талкалашын күтүп жатасыңарбы? Силер аны (ред. кеп Алмазбек Атамбаев тууралуу болуп жатат деп болжонот) ал жакта эле ит аткандай кылып атып сала албайсыңарбы?» дейт.

КСДПнын Атамбаевчи тарабына бул табылгыс илинчек болду. Ошол эле замат Башкы прокуратура менен ИИМге кайрылуу катын жолдошту. Анда аудио жазууга экспертиза жүргүзүп, чара колдонгула, кылмыш иши козголсун деп айтылат.

Аталган аудио жазууну «Беспредел.kg» коомчулукка алып чыккан. Мира Жангарачева милициянын генерал-маойору Курсан Асанов менен сүлөшкөн деп божомолдонот. Ал эми аудио жазууда ал кишинин үнү угулбайт, башкача айтканда кректүү сөз гана берилген.

Эске сала кетчү нерсе Курсан Асанов телефонун тергөөгө өткөрүп берген. Бул жазуу ал жерде иштеген тергөөчүлөр аркылуу «Беспредел kg» менен тарап кеттиби? Муну ИИМдин ичиндеги Курсан Асановго каршы болгон топтун генералды дагы бир ирет коомчулукка жаман көрсөтүү аракети деп түшүнсө болобу?

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *