Мирлан Жээнчороев Эркин Мамбеталиевди жактады

    Мезгил

Өмүрбек Бабановдун жээни, депутат Мирлан Жээнчороев ЖМКга берген маегинде “ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевди кызматынан кетирүү талабы туура эмес. Эркин Мамбеталиев ИИМге жолтандабас белекке берсе неси жаман” деп, Атамбаевдин мурдагы жан сакчысын жактап чыкты.

“Бүгүн Эркин Мамбеталиев туристтик объектилерди куруп жаткан, салыгын убагында төлөгөн сыйлуу бизнесмен. Белек берүү учурунда процедуралык учурлар сакталдыбы, жокпу, ал тууралуу билбеймин. Мыйзам боюнча жеке тарап мамлекетке белек бере турган болсо ММФБнын балансына каттоого алуу керек. Өкмөт аны кайсыл структурага жибериши тууралуу буйрук чыгарышы керек” – дейт депутат. Ошондой эле Жээнчороев Атамбаевдин мурдагы жан сакчысына карата соттордун айыптоосу жок экендигин эскертип, Мамбеталиевдин актоочусу айтпаган сөздү айтыптыр.

Бабановдун жээни, парламент депутатынын бир нече кишини өлтүрүү боюнча соттолуп, кийин “шефи” 2010-жылдагы апрель революциясын уюштургандан кийин акталып чыга келген кишини жактап жаткандыгында кандай сыр жатат ыя, туугандар!

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *