Мирзиёев акимдерге: Китеп окубайсыңар! Бүтүндөй дүйнөгө менин уят кылдыңар” (видео)

   Мезгил

Өзбекстандын президенти  Шавкат Мирзиёев акимдерге жыйын өтүп жатып   “Элдин үйүн бузганча, өзүңдүн башыңды буз”-деп зекиди.  

  Акимдер президенттин атын жамынып, эл менен кеңешпей туруп, үйлөрүн буздурууга барышкан. Бул интернет колдонуучулардын талкуусуна жем таштап, анда айтылган баардык  сын пикирлердин  баарын  Мирзиёев өзү окуп, тизмектеп алган.

  Алардын баарын   президент жыйында  окуп, “Менин уйкусуз түндөр менен жасап жактан саясатыма каршы иш алып барып жатасыңар! Силерге тапшырма бериштен адам өзү коркот. Анткени силердин билимиңер жок, китеп окубайсыңар, президенттин буйругун окубайсыңар. Анан кантип силер менен иш жасоого болот. Өз элиңерге кыянаттык кылдыңар  колуңардан келбесе аны эмнеге бузасыңар?  Ошону бузаардын алдында ойлондуңарбы?  Бүтүндөй дүйнөгө менин уят кылдыңар”-деди  Мирзиёев.

Булак : Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *