Мирзиёев ашыкча салмактагы милиция кызматкерлерине арыктоо үчүн 6 ай убакыт берди

 Мезгил

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тартип сакчыларынын ашыкча салмак менен жүргөн сакчыларга арыктоо үчүн 6 ай убакыт берди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

 Маалым болгондой,   ИИМ менен Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлери 3-6 ай аралыгында арыктасын деген талапты койгон.

 Мирзиёев бул тууралуу 1-март күнү Наманган облусунун активисттери менен жолуккан учурда  билдирди.

“Бизге ашыкча салмак менен жүргөн тартип сакчылары керек эмес. Мындай көрүнүштө кылмышкерлерди кантип кармайт. Адегенде алар спорт менен машыгышы керек. Бул алардын жумушу үчүн өтө маанилүү. Ден соолугунун чың болушу мага эмес, өздөрүнө керек. Биз алар ашыкча салмактан арылышы үчүн 3-6 ай убакыт беребиз”, – дейт приезидент.

 Белгилей кетсек, мындай ыкма Тажикстанда да колдонулат. Аталган мамлекетте ашыкча салмактагы милиция кызматкерлери кызматтан алынат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *