Митинг: “Кетсин!” илдети кайрадан башталды

Мезгил

“Форумда” өткөн Атамбаевдик митинг эмоционалдуу чакырыктар менен коштолду.

Атамбаевдин айткандарынан учкай:

“Учурдагы бийлик кетсе да мен алардын ордуна барбаймын. Жаштарды өстүрүү менен алектенем.”

“Учурдагы Өкмөт кетип ордуна элдик жаңы Өкмөт келсин! Түрмөдө жаткан Сапар Исаков же ага окшогон жаш кадрлар шайлансын!”

“Парламент өзүн-өзү таратсын! Мени коргогондорду коргой алам.”

Өз сөзүнөн кийин Атамбаев ордуна барып, бир аздан соң “Медиа – Форумдун” имаратына шак кирип кетти. Андан кийин аймактан келгендер сөз алып, аягында 7 пункттан турган резолюция кабыл алышты.

Резолюциянын өзөгү төмөнкүдөй:
  1. Өлкөдөгү мыйзамсыздык токтосун.
  2. Өкмөт отставкага кетсин.
  3. Укук корогоо органдары түп тамырынан өзгөрүлсүн.
  4. Саясий каршылаштар камодон бошотулуп, алардын иштери адилет териштирилсин.
  5. Мамлекеттин беделине шек келтирген аткаминерлер кетирилип, мамлекеттик аппаратты кармоо чыгымдары кыскартылсын!
  6. Бийликке эски элита кетип, жаңысы келсин!
  7. Бул талаптар 2 айда аткарылбаса учурдагы президентти кетирүү жана парламентти таратуу боюнча нааразылык акцияларын штаб уюштура турган болду.

Митинг ушинтип, “мирно” аяктады.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *