Митингге чогулгандар “Форумдан” Кой-Ташка карай жөө жөнөштү

  Мезгил

Бүгүн “Форумда” өтүүчү митингге чогулган Атамбаевдин тарапташтары Кой-Ташты көздөй жөө жөнөштү. Алардын башында Жогорку  Кеңештин депутаты  Ирина Карамушкина бар. Эртең менен Алмазбек Атамбаев “Форумда” митинг болоорун андан ары Ак үйгө чейин келишээрин айткан. Ал эми КСДП  партиясынын мүчөсү Фарид Ниязов митинг токтотулганын айткан.   

Ошондой эле буга чейин күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан Кой-Ташка кетчү жол торолуп жаткандыгы айтылган.

Белгилей кетсек, кечээ экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө аны кармоо операциясы жүргөн. Бирок, Атамбаевдин тарапташтары аны алып чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк беришкен жок. Ал эми экс-президентти колго түшүрүү учурунда 48 адам жараланса, бир жоокер каза болгон.    

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *