Молдомуса Конгантиев акталып, мүлкү камактан алынды

  Мезгил

 Кечээ, 5-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин аракетинде кылмыштын курамы жок деп, аны актады.

Ошондой эле ага сыртка чыкпоо боюнча чечим жокко чыгарылып, мүлкү камактан алынды.

Белгилей кетсек,11-июнда прокуратура Молдомуса Конгантиевди алты жылга эркинен ажыратууну жана 100 миң сом өлчөмүндө айыппул салууну суранган. Жактоочу тарап анын күнөөсүз экенин айтып, актоону өтүнүп жатат.

Милициянын генерал-лейтенанты Конгантиевге 2005-жылдын 24-март, 2010-жылдын апрель окуялары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен кылмыш иши козголгон.

Анын 2010-жылдагы апрель окуяларындагы аракеттерине байланыштуу Конгантиевге козголгон кылмыш иши кыскарып кеткени былтыр ачыкка чыккан. Бул чечим коомчулукта сынга кабылгандан кийин президент Башкы прокуратурага ишти иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырган. Натыйжада кылмыш ишин кыскартуу боюнча чечим жокко чыгарылган. Иш кайра жанданып, сотко өткөн.

Булак: Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *