Момбеков: Эл бизди “чимкирик” деп жатса, биз өзүбүздү “жок, элитабыз” десек тарых бизди кечирбейт

   Мезгил

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков менен Алтынбек Жунус уулу өткөн аптада Нарын шаарынын эли менен жолугушуп, жергиликтүү тургундардын көйгөйүн укту.

Депутат Момбеков тургундардын суроолоруна жооп берип жатып “элита” боюнча да үн катты.

 “Элита ким? Элита-эң жогорку сапаттуу адам. Картошканын деле элитный сорту болот эмеспи. Жылкынын деле элитный пародасы болот.  Анан адамдардын деле элитныйы болот да. Дооронбек Садырбаевге окшогон эл өкүлүн элита десе жарашат. Анан биз элге эч нерсе кылбай туруп кантип  элита болобуз.  Эл бизди “чимкирик” деп жатса биз өзүбүздү “жок элитабыз” десек тарых бизди кечирбейт.   Эртең эле “сен каяктан элита болуп калдың?.   Элита болгудай сен элге эмне иш кылдың эле дейт.   “Же элдик иш кылдыңбы, же эрдик иш кылдыңбы?” деп сурайт.  А бизде экөө тең жок.   Эл алдында баркыбыз банкрот болуп, кадырыбыз кайтыш болуп турса “элитабыз” деп турганыбыз бул туура эмес. Сынды сындай, чынды чындай кабыл алыш керек”-деди Момбеков.

Белгилей кетсек, 27-сентябрда депутат Рыскелди Момбеков,  Алтынбек Жунус уулу  ошондой эле өкмөттүн, министрлердин өкүлдөрү     Нарын шаарынын эли менен жолугушуп алардын бир катар суроолоруна жооп беришти. 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *