Момбеков: Кийинки шайлоодо келе турган депутаттар бизден да “хуже” болот

   Мезгил

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков менен Алтынбек Жунус уулу өткөн аптада Нарын шаарынын эли менен жолугушуп, жергиликтүү тургундардын көйгөйүн укту. Жолугушууга келген элдер депутаттарга бир катар суроолорду беришип, аларды тезирээк чечүү талабын коюшту.

Депутат Рыскелди Момбеков алардын суроолоруна жооп берип жатып, кийнки шайлоодо келген депутаттар  бизден да “хуже” болот деди.  

“Бизди да шайлаган эл болгон, бирок шайлоодо өзүңөр алдангансыңар. Чынында шайлоо кодекс боюнча өзгөртүү болуп жатат. Мен буга аябай нааразымын. Азыркы жаңы шайлоо кодекси менен келе турган кийинки шайлоодогу депутаттар бизден да хуже болот. Анткени жалаң байлардын банкирлердин, базаркомдордун, бандиттердин парламенти болот. Бул өтө коркунучтуу кодекс. Биздин үнүбүз жетпей калды. Конституцияда  “КРнын жараны шайлоого жана шайланууга укуктуу” деп  жазылып турат.  А бирок анда партия деген жок да. Партияны шайланууга укуктуу деген деги эле барбы? Жок.  Силер партияны шайлап атасыңар. Партия ичине адамдарды тандап жатат. Бул шайлообу же тандообу? Бул таза саясий коррупция. Коррупция деп ушуну айтат”- деди депутат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *