Москвада бир нече адамды сүзүп кеткен кыргызстандык айдоочу Чыңгыз Анарбек уулу акталышы мүмкүн

Мезгил. 

Москва шаарында таксист болуп иштеген Чыңгыз Анарбек уулу рулда үргүлөп кетип, бир нече адамды сүзгөнү үчүн абакта кармалууда. “Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматовдун билдирүүсүнө караганда, кыргызстандык таксист акталып чыгышы мүмкүн.

“Учурда адвокаттар документтерди даярдашып, апелляциялык арыз жазышты. Жогорку Кеңештин депутаттарынан, Кыргызстан Акыйкатчы институтунан жана башка бир катар фонддордон Чыңгызга мүнөздөмө жаздырып алдык. Жол кырсыгынан жабыркагандардын дээрлик баарына компенсация төлөнүп берилди. Бир гана адам калды, аны менен азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”,  – деди Молдокматов. 

Айтымында, келерки сот отуруму ушул жылдын октябрь айында болот. Айдоочунун туугандары менен кошула аталган партия да соттун актоо чечимин күтүп жатышат. Чыңгыз акталып чыкса, аны Кыргызстанга алып келишет. Бирок, актоо чечими чыгаары жалгыз ишеним эмес.

“Акталат деп үмүттөнүп турабыз. Жаман дегенде шарттуу түрдө кесилсе керек. Анысына да макулбуз”, – дейт төрага. 

Ушул жылдын 16-июлунда Москвада дүйнөлүк футбол чемпионаты болуп жаткан маалда, Чыңгыз Анарбек уулу автоунаасы менен бир нече адамды сүзүп кеткен. Жабырлануучулардын арасында футболго күйөрмандык кылып келишкен башка өлкөнүн жарандары да болгон. Чыңгыз суракта кырсыкка чейин 20 сааттай уктабаганын, ошондон улам рулду башкарып баратып көзү илинип кеткенин айткан. Айыбын моюнуна алып, абдан өкүнүп жатканын билдирген.

Кыргызстандык айдоочу кез келген сыноону  кыргыз коомчулугу түшүнүү менен кабыл алышып, өкмөттүк деңгээлде иш аракеттер жүргүзүлгөн. Кыргыз бийлигинин өкүлдөрү Москва шаарына барышып, ооруканадагы жабырлануучулар менен жолугуп кайтышкан. Айдоочу 16-августка чейин камакка алынып, андан кийин абактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылган.

   Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *