Москвада полицияны кыргыз улутундагы орус жараны өлтүргөнү белгилүү болду

Мезгил. 

Москва шаарындагы “Курская” метросунда полиция кызматкерине кол салган жарандын улуту кыргыз болуп чыкты. Ал Оренбург шаарында жашайт жана орус жарандыгын алган.

Маалыматка караганда, жаран Ош облусунун Кара-Кулжа айылында туулган. Азырынча расмий кызматтар аны тастыкташа элек. Орусиялык басылмалардын жазганына караганда, шектүү учурда убактылуу кармоочу жайда кармалууда.

“Курская” метросунда түн жарымында белгисиз бирөөлөр полиция кызматкерине ок атышкан. Ал алган жараатынан көз жумган. Мындан улам Москва шаарында жана Москва облусунда “Сирене” планы жарыяланган. Кавказ, же азият түспөлүндөгү эркек киши изделген.

Факты боюнча Россиянын Кылмыш жаза кодексинин эки беренеси (“Укук коргоо кызматкерлеринин өмүрүнө кол салуу” жана “Ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүрүү”) менен кылмыш иши козголду.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү адам конфет чыгаруучу фабрикада иштеген.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *