Москвагы мигранттар окуясы. Кыргыз тектүү орус жараны кыргызстандыктардан качам деп кырсыкка кириптер болгон

Мезгил. 

Москва шаарында кыргыз тектүү орус жарана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерде жол кырсыгын жаратканы белгилүү болгон.

Окуя Москвадагы “Аура” кафесинде башталган. Ал жерде Кыргызстандан барган эмгек мигранттары эс алып отурушкан. Орус полициясынын маалыматына караганда, 9-сентябрга караган түнү кыргыз тектүү орус жараны Бекжан Сарбишев аталган кафеде карындашы Диананын туулган күнүн белгилеген. Ошол эле учурда башка столдо  бир топ кыргызстандык да эс алып отурушкан.

Башка столдогу кыргызстандыктар ичимдик ичип кызып калышкандан кийин Дианага тийишишип, телефон номерин сурап башташкан. Бекжан карындашына болушуп, мигранттар арасында чыр чыккан. Кайым айтышуу мушташууга жеткен.

9-сентябрда эртең менен Москванын Новочеркасский шоссесинде  жол кырсыгы орун алган. Айдоочу жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден адамдардын тобун сүзгөн. Бир адам каза таап, сегизи ар кандай жарааттарды алышкан, анын үчөөнүн акыбалы оор деп мүнөздөлүүдө. Каза тапкан Кыргызстандын жараны болуп чыкты.  Рулда Бекжан Сарбишев болгону аныкталган.

Бекжан Сарбишевге РФ Кылмыш жаза кодексинин 105-беренесинин 1-бөлүгүнө (“Киши өлтүрүү”) ылайык кылмыш иши козголду. Ал учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Экспертиза 20 жаштагы айдоочунун канынан алкоголь тапкан жок.

Шектүү дагы арыз жазган. Ал карындашын капа кылгандарды  “Бейбаштык” беренеси боюнча жоопко тартууну суранган. Арыз полициянын жергиликтүү бөлүмүндө каттоого алынды.  Жигиттин энеси уулунун кадамын туура деп эсептейт, карындашынын намысын коргоп туура кылды деген пикирин билдирген.

Бекжан Сарбишев суракта Россиянын жараны экенин билдирген. Ал кыргызстандык жердештеринен качып рулга отурган. Анын айтымында, кафеде кыргызстандык мигранттар чырдашып кетишип, мушташка жеткенде качкан бойдон машинеге отуруп, газды баскан. Кантип жөө жүргүнчүлөргө ылайыкталган жолдо болуп калганын байкаган эмес.

 

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *